ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 32-сессиясынын кезектеги отуруму
2023-жылдын 5-октябрындагы № 8
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген бюджетинин 3111 беренесинен 2215 беренесине акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 3111 курулуштар беренесинен 2215 кызмат көрсөтүү беренесине 4 000 000 сом акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун сунушуна ылайык Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген бюджетинин 3111 курулуштар беренесинен 4 000 000 сом акча каражатын 2215 кызмат көрсөтүү беренесине жылдырып жумшоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Мойдунов |