ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын 34-сессиясынын кезексиз отуруму
2023-жылдын 18-декабрындагы № 9
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдар баюнча таштанды салыгын бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдар боюнча таштанды салыктарын бекитип берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы физикалык жактарга таштанды салыгы 2024-жыл үчүн 80 сомдон ал эми юридикалык жактарга 100 сомдон болуп бекитилсин.
2. Таштанды салыгын физикалык жана юридикалык жактарга 2024-жылдын 1-майына чейин отчётун берүү жана төлөмүн жылдын 1-сентябрынан кечиктирилбестен төлөөлөрү белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Мойдунов |