Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын 34-сессиясынын кезексиз отуруму

2023-жылдын 18-декабрындагы № 8

Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Туйгунов Мунарбек Жээнбековичке Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Туйгунов Мунарбек Жээнбековичке Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты Ө.Калыковдун сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Туйгунов Мунарбек Жээнбековичке Чоң-Алай айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

С.Мойдунов