Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын 34-сессиясынын кезексиз отуруму

2023-жылдын 18-декабрындагы № 6

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 14-декабрындагы № 3296 чыгыш сандуу сунушун кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Берк-Суу участкасындагы № 2316 контурунда жайгашкан 0,05 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан курулуш алдындагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Берк-Суу участкасындагы № 2316 контурунда жайгашкан 0,05 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан курулуш алдындагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

С.Мойдунов