Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 33-сессиясынын

Кезектеги отуруму

2023-жылдын 30-ноябрындагы № 2

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 33-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитиле турган жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 740 785 сом бөлүнүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

С.Мойдунов