ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 33-сессиясынын
Кезектеги отуруму
2023-жылдын 30-ноябрындагы № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 33-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салымга Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитиле турган жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1 388 350 сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Мойдунов |