КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-сентябры № 605
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү
тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 631-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
– 12-пункттун 5-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– белгиленген тартипте кепилдикти аткаруу механизмин ишке ашырууну камсыз кылат;”.
3. Финансы-кредиттик уюмдарга ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 509 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-январындагы № 42 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 182 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;