Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 480 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүүгө конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүүгө конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) конкурсту өткөрүү тартибин, мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин типтүү формасын жана аны түзүү жана бузуу тартибин белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) мергенчилик чарба иши - аңчылык жерлеринде аңчылык жаныбарларын сактоо жана туруктуу пайдалануу, аларды көбөйтүү жана аңчылык жерлеринин өнүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чарбалык иштин түрү;
2) аңчылык жерлери - юридикалык жактарга мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилиши мүмкүн болгон аңчылык жаныбарларынын жашоо чөйрөсү катары кызмат кылуучу белгилүү чектери бар аймактар же акваториялар;
3) аңчылык ресурстары - аңчылык жаныбарларынын түрдүк жана сандык жыйындысы;
4) аңчылыкты пайдалануучу - аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) менен түзүлгөн мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө Келишимге ылайык берилген белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарбасын жүргүзүү укугуна ээ болгон юридикалык жак (менчигинин формасына жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан);
5) чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу - мергенчилик чарба иштерин жана аны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу, жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарын белгилөө үчүн арналган аңчылык жерлеринин участокторунун чек араларын аныктоо боюнча иштердин комплекси;
6) мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу - чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун алкагында белгилүү бир аңчылык жерлерин жайгаштыруу схемасына ылайык ыйгарым укуктуу орган менен түзүлгөн мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдерге ылайык юридикалык жактарга (аңчылыкты пайдалануучуларга) белгилүү бир аңчылык жерлерин берүү;
7) атайын конкурстук комиссия - белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун берүүгө конкурсту уюштуруу жана өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн комиссия;
8) мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишим - укуктук мамилелерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу максатында белгилүү бир аңчылык жерлеринде ыйгарым укуктуу орган менен аңчылыкты пайдалануучунун ортосундагы макулдашуу.
3. Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу юридикалык жактарга (аңчылыкты пайдалануучуларга) конкурстук негизде берилет.
4. Кыргыз Республикасынын аңчылык жерлери төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) кимдир бирөөгө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу белгиленген тартипте берилген аңчылык жерлери;
2) кимдир бирөөгө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилбеген аңчылык жерлери (бош аңчылык жерлери).
5. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик аңчылыкты жайгаштыруу уюмунун/мекемесинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын адистерин тартуу менен (чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу процессинде) юридикалык жактардын мергенчилик чарба ишин жүргүзүүсү үчүн (мергенчилик чарбаларын уюштуруу) арналган аңчылык жерлеринин участокторунун чектерин жана аянттарын аныктайт.
2-глава. Белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүүгө комиссия түзүү, анын түзүмү жана укуктуулугу
6. Ыйгарым укуктуу орган конкурсту уюштуруучу болуп саналат жана тиешелүү буйрук менен атайын конкурстук комиссияны (мындан ары - комиссия) түзөт, анын ишин, конкурстарды уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылат.
7. Комиссия 7 адамдан кем эмес санда түзүлөт.
8. Туруктуу негизде иштеген комиссиянын курамына добуш берүү укугу менен төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- ыйгарым укуктуу органдын (комиссиянын төрагасы жана мүчөсү);
- экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- мамлекеттик аңчылыкты уюштуруу уюмунун же мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын;
- аңчылыкты пайдалануучулар ассоциациясынын;
- экологиялык өкмөттүк эмес уюмдун (мындан ары - ӨЭУ);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын (конкурска коюлуучу аңчылык жерлеринин аймагы боюнча);
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (конкурска коюлуучу мергенчилик жерлеринин аймагы боюнча).
Комиссиянын курамына ошондой эле катчы (ыйгарым укуктуу органдан, добуш берүүгө укугу жок) кирет.
Комиссиянын жыйналышына конкурс өткөрүү маселелери боюнча консультация берүү жана конкурстун катышуучуларынын сунуштарын талкуулоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери жана конкурска коюлуучу аңчылык жерлеринин участокторунун жайгашуусуна ылайык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү добуш берүү укугу жок чакырылышы мүмкүн.
Конкурска катышкан комиссиянын мүчөлөрү (конкурска коюлуучу аңчылык жерлеринин аймагы боюнча) өз аймактарынын чектеринде турган аңчылык жерлеринин участокторун камтыган лоттор боюнча гана чечим кабыл алат (балл коюу, добуш берүү).
9. Комиссиянын төрагасы жок болгондо анын милдетин комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат. Комиссиянын төрагасынын орун басары комиссиянын биринчи жыйналышында шайланат жана ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
Комиссиянын курамына кирген бардык адамдар жана комиссиянын ишине чакырылган адамдар комиссиянын ишинин купуялуулугун сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.
10. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары - ЖМК) аңчылыкты пайдалануучулар ассоциацияларынан жана ӨЭУдан комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо жөнүндө кулактандырууну жайгаштырат, ал эми ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн башка уюмдардан (органдардан) комиссиянын курамына киргизүү үчүн талапкерлерди берүү жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө сурап алат.
Талапкерлерди тандоо жөнүндө кулактандыруу ЖМКга жарыяланган күндөн тартып талапкерлерди каттоо башталат жана 30 календардык күн өткөндөн кийин аяктайт.
Талапкерлерди тандоо аларды каттоо аяктагандан кийин 15 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Аңчылыкты пайдалануучулар ассоциацияларынан комиссиянын курамына талапкерди тандоодо аңчылык, токой чарбасы, биология жана экология чөйрөсүндө зоологиялык багыттагы билими бар жана/же аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө беш жылдан ашык иштеген талапкерге жана каралып жаткан ассоциацияда ошол эле ассоциациянын мүчөлөрүнүн биринин түзүмдүк, аймактык же ведомстволук бөлүмдөрү болуп саналбаган, аны түзүүчү юридикалык жактардын көбүрөөк санына артыкчылык берилет.
ӨЭУдан комиссиянын курамына талапкерди тандоодо талапкер аңчылык, токой чарбасы, биология, экология чөйрөсүндө зоологиялык багыттагы билимге жана/же аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө беш жылдан ашык иш стажына ээ болууга тийиш, мында чоң иш тажрыйбасы бар адиске артыкчылык берилет.
Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн башка уюмдардан (органдардан) талапкерлердин тиешелүү уюмдардын (органдардын) иш чөйрөсүндө беш жылдан ашык иш стажы болууга тийиш.
Комиссиянын курамы ассоциациялардан жана ӨЭУдан тандалып алынган талапкерлердин, ошондой эле ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык башка уюмдар (органдар) тарабынан сунушталган талапкерлердин ичинен түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
11. Комиссия мүчөлөрү конкурс башталганга чейин 10 күн мурда ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын жетекчилигинин ыйгарым укуктуу органдын атына жазылган жеке арызы же жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча комиссиянын курамынан чыгарылат.
Комиссиянын мүчөсү аны комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө жеке арыз берген же уюмдун жетекчиси комиссиянын курамынан өзүнүн өкүлүн алмаштыруу/чакыртып алуу жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылган учурда комиссиянын курамынан чыгарылган мүчөлөрү алмаштырылат, бул жөнүндө тиешелүү буйрук чыгарылат.
Конкурсту өткөрүү учурунда комиссиянын курамы өзгөрбөйт.
12. Комиссиянын жыйналыштары каралып жаткан маселелердин мазмунуна ылайык катчы тарабынан протоколдонот жана ага комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү кол коёт.
13. Эгерде комиссиянын жыйналышына туруктуу негизде анын курамына кирген комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмеси катышса, ал укуктуу болуп саналат. Комиссиянын чечими анын катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Комиссия мүчөлөрүнүн кворуму жок болгон учурда конкурсту өткөрүү комиссиянын чечими менен аныкталуучу башка датага жана убакытка жылдырылат.