КАРА ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2023-жылдын 8-февралындагы № 2
«Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына калган калдыгын бекитүү жөнүндө»
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 12 айында кошумча кирешелердин жана чыгашалардын үнөмдөөдөн келип чыккан каражаттарды пайдалануу жөнүндө Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Дарыя айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынан каржыланбай калган эркин калдыкты жана 2022-жылда такталган киреше пландарынан ашыкча жыйналган каражаттарды жалпы 5311,6 миң сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 01.01.2023-жылга калган эркин калдыкты пайдалануу жөнүндөгү жобосуна ылайык төмөнкү чыгымдарды каржылоого бекитилсин.
1.1 Техникалардын баалоосуна (за услуги оценщика)-20,0 мин сом,
1.2 2022-жылда КР сатып алуулар мыйзамына ылайык жарыя берилип каржыланбай калган 391,0 мин сом №1 тиркемеге ылайык бекитилсин,
1.3 Айыл өкмөттүн социалдык экономикалык стратегиялык планына ылайык бекитилген чыгымдарды каржылоого 4830,0 миң сом № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2022-жылдын 1-январын калган атайын эсебинен калган 90,6 миң сому балдар бакчаларынын тамак- аштарын сатып алууга 36,3 мин сом, селден жабыркаган элге үй кургандан калган карызды жабууга 54,3 миң №3 тиркемеге ылайык жумшалсын.
3. Бекитилген чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы КР ФМ нин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Караевке милдеттендирилсин.
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы: | У. Абдыгапаров |