Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XIV СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 25-сентябры № 95
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасын бекитүү жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, шаардык Кеңештин мамлекеттик тилди, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана агрардык тармакты колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 22-сентябрь күнү өткөрүлгөн отурумунун протоколун жана чечимдерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилди, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана агрардык тармакты колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы болуп “Мурас” депутаттык фракциясынын мүчөсү Ормонова Жамал Аккозевна жана аталган туруктуу депутаттык комиссиянын төрайымынын орун басары болуп “Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Ыктыярбек уулу Улукбек бекитилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каржаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |