Загрузка документа…
| Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 11-август 2025-жылдагы кезектеги XI сессиясынын №7-токтомуна №1-тиркеме
|
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча
кеңешинин иш тартиби жөнүндө
ЖОБОСУ
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жаштар саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле жаштардын чечимдерди кабыл алуусуна жана мамлекеттик коомдук турмушуна катышуусуна дем берүү максатын көздөөгөн консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин буйрук, токтомдорун жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Ушул Жобо Кеңешитин статусун, максаттарын, милдеттерин, түзүмүн жана ишмердүүлүгүнүн тартибин аныктайт.
4. Кеңеш юридикалык жактын статусуна ээ эмес.
5. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин токтому менен ушул Жобо бекитилет, өзгөртүү киргизилет жана жокко чыгарылат.
2. Максаттар жана милдеттер
1. Кеңештин негизги максаттары төмөнкүлөр:
- жаштарды аймактык деңгээлде мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга тартуу;
- жаштардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү;
- жаштардын демилгелерин жана долбоорлорун колдоо жана өнүктүрүү.
2. Кеңештин милдеттери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жаштар саясаты боюнча жергиликтүү деңгээлде сунуштарды иштеп чыгуу;
- жаштарга багытталган иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүү;
- жаштардын көйгөйлөрүн изилдеп, аларды чечүү жолдору боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
3. Түзүмү жана курамы
1. Кеңештин курамына 18 жаштан 35 жашка чейинки аткаруу бийлик өкүлдөрүнөн, жогорку, атайын орто окуу жайларынын студенттеринен, жаштардын өкмөттүк эмес бирикмелери менен топторунун, активдүү жаштардан, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарынын (Кеңештин курамынын жалпы санынын жарымынан кем эмес) өкүлдөрүнөн түзүлөт жана шаардык мэриянын буйругу менен бекитилет.
2. Кеңештин курамы төрага (төраймы), орун басары, катчысы жана 9 мүчөсүнөн турат жана Кеңеш бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен түзүлөт
3. Кеңештин мүчөлөрүнө айлык акы төлөнбөйт, коомдук башталгычта түзүлөт.
4. Кеңештин функциялары
1. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Жалал-Абад шаарында бирдиктүү мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча практикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу маселелерин талкуулайт;
- жаштар саясаты жаатындагы мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын, максаттуу программалардын, концепциялардын долбоорлорун алдын ала тартибинде карайт жана талкуулайт;
- Жалал-Абад шаарында мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жаштар уюмдарынын жана саясий партиялардын жаштар канаттарынын ортосундагы конструктивдүү жана координацияланган ишти камсыз кылуу үчүн иштейт;
- жаштар саясаты жаатындагы эл аралык уюмдар менен иштейт.
2. Кеңеш "Кыргызстан Жаштар кыймылы" коомдук бирикмеси жана башка жаштар кеңештери, комитеттери менен биргеликте иш алып барат.
5. Кеңештин укуктары
1. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз жыйындарында шаар аймагында жайгашкан жогорку, атайын орто окуу жайларынын жаштар иштер боюнча комитеттеринин, кеңештеринин жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы тууралуу угууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана уюмдарынан Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- белгиленген тартипте Кеңештин жыйналыштарын жана жумушчу жолугушууларын өткөрүүгө;
- Кеңештин ишине Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын, илимий-изилдөө жана билим берүү мекемелеринин, уюмдарынын жана коомдук бирикмелердин адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- жаштар чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүнүн маселелери боюнча
сунуштарды Жалал-Абад шаарынын мэриясына белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Жаштар саясатына байланыштуу иш чараларды уюштурууда ыктыярдуу жана келишимдик негизде демөөрчүлөрдү жана уюмдарды тартууга.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана башка мыйзамга каршы келбеген
мекемелерден, эл аралык уюмдардан, демөөрчүлөрдөн берилген мүлктөрдү, имараттарды жана акча каражаттарды максаттуу пайдаланууга.
3. Кеңеш өзүнүн коммуналдык жана жаштарга тиешелүү иш-чаралардын чыгымдарын жабуу үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана башка мыйзамга каршы келбеген мекемелерден, эл аралык уюмдардан, демөөрчүлөрдөн берилген мүлктөрдү, имараттарды Жалал-Абад шаарынын мэриясынын макулдугу менен ижарага берүүгө укуктуу.
4. Кеңеш өз ишмердүүлүгүн жогорлатуу максатында Кеңештин алдында төмөнкү багыттагы секторлорду жана клубтарды ачууга укуктуу:
- окуу жана илим иштери боюнча сектор;__
- спорт сектор;
- дискуссия-дебат сектор;
- маданий иш-чараларды уюштуруу сектор;
- социалдык сектор;
- маалымат жана санарип сектор;
- долбоорлор менен иштөө сектор;
- акыл таймаш клубу;
- компьютердик технологиялар клубу;
- шахмат, шашки клубу;
- чет тилдер клубу.
6. Кеңештин төрагасынын жана катчысынын милдеттери жана функциялары
1. Кеңешке төрага (төрайым)-башчылык кылат.
2. Кеңештин төрагасы (төраймы) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын коллегиясына, жыйындарына, отурумдарына Кеңештин атынан катышат.
3. Кеңештин отуруму Кеңештин төрагасы (төрайымы) бекиткен Кеңештин отурумдарын өткөрүү планына ылайык кварталына кеминде бир жолу, зарыл болгон учурларда кезексиз өткөрүлөт.
4. Кеңеш өзүнүн отурумдарына зарыл болгон шарттарда тийиштүү адистерди чакырууга укуктуу.
5. Кеңеш өзүнүн отурумдарында жүктөлгөн милдетке ылайык анын компетенциясына кирүүчү маселелерди карайт. Кеңештин отуруму ага Кеңештин мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын кеминде жарымы катышканда укуктуу болуп эсептелет.
6. Кеңештин отурумунда кворум жок болсо, Кеңештин төрагасы (төрайымы) тарабынан Кеңештин отурумунда бекитилген иш-планында аныкталган күнгө которулат.
7. Кеңештин отурумун Кеңештин төрага (төрайым) өткөрөт жана Кеңештин төрагасы жок учурда - Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
8. Кеңештин чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, протокол менен таризделет, Кеңештин төрагасы кол коет. Кеңештин чечимдеринин негизинде шаардык мэрия тарабынан тиешелүү нормативдик укуктук актылары иштелип чыгышы жана кабыл алынышы мүмкүн.
9. Кеңештин төрагасы (төрайымы) Кеңештин атынан келишимдерге жана макулдашууларга кол коюуга укуктуу.
10. Кеңештин отурумдарынын күн тартибин Кенештин төрагасы (төрайымы)
аныктайт.
11. Кеңештин курамынан, жаштардын өкмөттүк эмес бирикмелеринин жана топторунун өкүлдөрү болуп саналган анын мүчөлөрүн чыгаруу төмөнкүлөрдүн негизинде Кеңештин чечими боюнча ишке ашырылат жана мүчөлүктөн чыгаруу боюнча Жалал-Абад
шаарынын мэриясына сунушталат:
- Кеңештин мүчөсүнүн жеке арызынын;
- уюм жоюлган учурда;
- Кеңештин мүчөсү жүйөлүү себептерсиз үчтөн ашуун отурумдарында жок болсо же анын ишине катышпаса.
12. Кеңештин чечимдеринин аткарылышын Кеңештин төрагасынын орун басары контролдойт.
13. Катчынын милдеттери болуп Кеңештин максаттарына жана милдеттерине ылайык анын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо, Кеңештин жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү саналат.
14. Катчы төмөнкү функцияларды аткарат:
Кенештин жыйынына материалдарды даярдайт жана катышуучуларды чакырат,
Кеңештин жыйынындарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт, жиберүүнү уюштурат, документтерди сактайт жана эсепке алат;
- Кеңештин чечимдеринин, бекитилген пландарынын жана программаларынын аткарылышына көмөк көрсөтөт, кабыл алынган чечимдерди аткаруунун жүрүшүн контролдойт;
- Кеңештин чечимдеринин материалдарын жана долбоорлорун ыкчам жана сапаттуу даярдоо үчүн тапшырмаларды аткарууда жумушчу топтордун жана комиссиялардын жетекчилерине көмөк көрсөтөт;
- Кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт;
- Кеңештин жетекчилигинин өзүнчө тапшырмаларын аткарат.
7. Координация жана көзөмөл
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясы Кеңештин ишин координациялайт жана методикалык колдоо көрсөтөт.
Жооптуу катчы |
Осмонова Г.О. |