КАРА ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 30-мартындагы № 5
Кара-Дарыя айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар” ассоцациясынын 2023-жылга тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Дарыя айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар” ассоцациясынын төрагасынын отурумунун, айыл өкмөтүнүн ветеринардык адисинин кайрылууларынын негизинде, 2023-жылга жаңы тарифин карап чыгып, талкуулап, Кара-Дарыя айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Дарыя айыл аймагындагы жайыт комитетинин алыскы жайыт жана жакынкы жайыттарына мал-жандыктарга жайыт төлөмдөрү 2023-жылга бекитилсин. Тиркеме тиркелет
2. Мал-жандыктардын ооруларына каршы алдын ала эмдөөгө, жылкыга, бодо малга, итке-80 сомдон, кой, эчкиге-20 сомдон эл тарабынан ветеринардык кызматкерлерге кызмат акысына төлөнүп берилсин.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн мал-жандыктары үчүн көрсөтүлгөн тарифтеги сумманы өндүрүү жагы “Жайыт пайдалануучулар” ассоцациясынын төрагасы М. Сайдакбаровга жүктөлсүн.
Мал-жандыктарды эмдөө боюнча айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси И. Абдулаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы: | У. Абдыгапаров |