КАРА ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 30-мартындагы № 8
Кара-Дарыя айыл аймагындагы “Алтын-Суу” Суу пайдалануучулар ассоцациясынын 2023-жылга тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Дарыя айыл аймагындагы “Алтын-Суу” Суу пайдалануучулар ассоцациясынын төрагасынын кайрылуусун, өлкөдө инфляциянын жогорулашы, күйүүчү майлардын баасы жогорулаганын себебинен Кара-Дарыя айыл аймагындагы сугат сууга болгон төлөмдөрдү, 2023-жылга тарифти жогорулатуу маселесин карап чыгып, талкуулап Кара- Дарыя айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кара-Дарыя айыл аймагындагы “Алтын-Суу” Суу пайдалануучулар ассоцациясынын сугат сууга болгон тарифи инфляциянын жогорулашынын негизинде, 2023-жылга көрсөтүлгөн сумма 50 (элүү) пайызга жогорулатылсын. 2023-жылга жаңы тариф бекитилсин.
Тарифтин кошумча тиркемеси тиркелет.
2. Айыл айылмактагы өздөштүргөн (ижарадагы) шалылык жер аянттарындагы сугат сууга болгон тарифи 2023-жылга көрсөтүлгөн сумма 100 (жүз) пайызга жогорулатылсын.
3. Суу пайдалануучуларга 50(элүү) пайыз “тарифтеги сумманы жеткирүү жана өндүрүү жагы “Алтын-Суу” суу пайдалануучулар ассоцациясынын төрагасы У. Курсанбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы: | У. Абдыгапаров |
Бекитемин
“Алтын-Суу” СПАсынын
кенешинин төрагасы
______________С.Тешебаев
“____” _____________2023ж
Кара-Дарыя айыл аймагы “Алтын-Суу” СПАсынын 2023-жылга карата сугат сууга болгон төлөмдөрүнүн тарифи.
№ | Эгиндердин түрлөру | Аянты га | Үлүш жерге болгон тариф | Аренда жерге болгон тариф |
1 | Күүзгү буудай,арпа | 1 га | 1000 | 1200 |
2 | Пахта | 1 га | 1500 | 2000 |
3 | Жүгөрү | 1 га | 1500 | 2000 |
4 | Жашылча | 1 га | 1500 | 2000 |
5 | Шалы | 1 га | 2250 | 3000 |
6 | Тамеки | 1 га | 1500 | 2000 |
7 | Көп жылдык өсүмдүктөр | 1 га | 1500 | 2000 |
8 | тамарка | 1 га | 1500 | 2000 |
“Алтын-Суу” СПАсынын жетекчиси________________Курсанбеков У.К.