КАРА ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 30-мартындагы № 11
Кара-Дарыя айыл аймагынын Төш айылынын тургуну Токтобаева Гульмира жөнүндө
Кара-Дарыя айыл аймагына караштуу Төш айылынын тургунун кайрылуусун карап чыгып, Кара-Дарыя айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Төш айылынын тургуну Токтобаева Гульмиранын жашап жаткан үйүнүн үстүндөгү чатыры жараксыз абалда болгондуктан, жергиликтүү бюджеттен 60 (алтымыш) даана шифер алууга акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын өзүмө калтырамын.
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы: | У. Абдыгапаров |