Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 57
Мамлекеттик менчиктеги жер тилкени Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №204/7 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 720,0 чарчы метр жер тилкесин мамлекеттик менчиктен Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө сунушун карап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №34 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №204/7 дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчиктеги “Весна” жайкы кинотеатрынын жалпы аянты 720,0 чарчы метр жер тилкесин Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |