Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясынын
2025-жылынын 11-августу №8
«Жалал-Абад шаарынын аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 76-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 24.07.2025-жылдагы чыг.№01-18/4568 сандуу катты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын 01.08.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин IX чакырылышынын 16.12.2021-жылдагы кезектеги XI сессиясынын №2-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жеке жактар - ишкердик үчүн багытталбаган жашоо турак жай ээлери таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдан бошотулсун.
3. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, юридикалык жана физикалык жактарга ишкердик үчүн багытталган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр бекитилген аянтты жана жумушчулардын санына жараша ставка менен 100 сом өлчөмүндө таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйым бекитилсин жана ар жылы 1-апрелге чейин төлөнөөрү белгиленсин.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |