Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 58
“Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык көзөмөлдөө инспекциясы” мекемесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесинин 4-пунктуна ылайык, “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык көзөмөлдөө инспекциясы” мекемесин түзүү боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары С.К.Джунусбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №5 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.“Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык көзөмөлдөө инспекциясы” мекемесин түзүүгө макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Т.Тургунбаев) жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |