Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясынын
2025-жылынын 11-августу №9
«Жалал-Абад шаарындагы №4 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине
ысым ыйгаруу жөнүндө»
Жалал-Абад шааырынын мэриясынын 23.04.2025-жылдагы чыг.№01-18/2503, 03.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3313 сандуу каттарды жана Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыктын Кыргызстан айылынын жашоочуларынын кайрылуусун Жалал-Абад шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясында карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин VI чакырылышынын 14.04.2016-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын №2-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы №4 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине “Дүйшө балбан” ысымы ыйгарылсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине макулдашуу үчүн жиберүү жагы Жалал-Абад облусттук дене тарбия жана спорт башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |