Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 59
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары А.Шаршеналы уулунун Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №15 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №134 токтомундагы “Жапалак унаа базары” деген сөздөр “Ош унаа базары” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2.Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №134 токтомунун 2-пунктундагы 2-тиркеме өзгөртүлүп, жаңы редакцияда окулсун (тиркеме тиркелет).
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы XVIII сессиясынын № 134 токтомунун 2-тиркемеси |
“Ош унаа базары”
муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын өлчөмү
(тийиштүү салыктарын кошкондо)*
(сом менен)
№ | Жыйымдардын аталышы | Дүйшөмбү-жума күндөрү | Ишемби күнү | Жекшемби күнү |
Базардын аймагына автотранспорттун бир жолку кирүүсү үчүн: |
|
|
| |
| - жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннадан ашкан жүк ташуучу транспорт | 50,0 | 400,0 | 500,0 |
| - жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннадан жогору жана 10 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт | 50,0 | 350,0 | 500,0 |
| - жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт | 50,0 | 350,0 | 500,0 |
| - кичи автобустар | 50,0 | 350,0 | 500,0 |
| - жеңил автоунаалар | 50,0 | 350,0 | 500,0 |
Чатырдын астында турган автоунаалардан (бир күндөн бир жумага чейин) | 1000 сом, “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасына төлөнөт | |||
Автотранспорт токтотуу жана токтотуучу жай үчүн (эки саатка) | 50,0 (Эки сааттан кийинки ар бир саат үчүн кошумча 50 сомдон алынат) | |||
Чарбалык субъекттерге жер тилкени ижарага берүү үчүн (бир айга 1 м2 үчүн) | 200,0 сомдон башталат | |||
Соода кылуу үчүн (соода кылган күнгө) | 200,0 сомдон башталат | |||
Справкаларды берүү үчүн | 50,0
| |||