Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 60
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы №151 “Ош шаарында ичүүчү сууга жана саркынды сууларга болгон бааларын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары С.К.Джунусбаевдин Ош шардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы №151 “Ош шаарында ичүүчү сууга жана саркынды сууларга болгон бааларын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №16 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы №151 “Ош шаарында ичүүчү сууга жана саркынды сууларга болгон бааларын өзгөртүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилип, төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
- калк: ичүүчү сууга 1м3 үчүн 12 сом 96 тыйын, саркынды сууга 9 сом 87 тыйын;
- бюджеттик ишканалар: ичүүчү сууга 1м3 үчүн 15 сом 90 тыйын, саркынды сууга 11 сом 87 тыйын;
- өндүрүштүк ишканалар: ичүүчү сууга 1м3 үчүн 25 сом 90 тыйын, саркынды сууга 18 сом 80 тыйын;
- коммерциялык ишканалар: ичүүчү сууга 1м3 үчүн 44 сом 92 тыйын, саркынды сууга 34 сом 80 тыйын.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |