Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 61
Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасынан Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын титулдук баракчасына акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары А.Шаршеналы уулунун Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасынан Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын титулдук баракчасына акча каражатын жылдыруу боюнча сунушун угуп, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы №18 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын 2025-жылдагы титулдук баракчасында Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасында 4 даана 6000 м3 өлчөмүндөгү суу кампаларын курууга каралган акча каражатынан Ош шаарынын Э. Алиев көчөсүн асфальттоо үчүн 25 000 000 (жыйырма беш миллион) сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдагы титулдук баракчасына жылдырууга макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |