Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясынын
2025-жылынын 11-августу №11
«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин символикалык
эмблемасын бекитүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 08.08.2025-жылдагы чыг.№01-18/4938 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясында карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин символикалык эмблемасы, анын авторлору Талгат Бакиев, Медер Абдукеримов чийген эмблеманын сүрөтүнүн түп нускасы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |
| Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 11-август 2025-жылдагы кезектеги XI сессиясынын №11-токтомуна №1-тиркеме
|
Жооптуу катчы Осмонова Г.О.