Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 62
Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижара акысынан жана жер салыгынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Б.Юсуповдун “Цзюньсинь Хуаньбао кей Джи Инвест” жоопкерчилиги чектелген чет элдик коомуна берилген жер тилкелерди ижара акысынан жана жер салыгынан бошотуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №19 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. “Цзюньсинь Хуаньбао кей Джи Инвест” жоопкерчилиги чектелген чет элдик коомуна ижарага берилген муниципалдык менчик жер тилкелерин ижара акысынан жана жер салыгынан бошотууга макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынына ( К.И.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |