Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
XXXI чакырылышынын XIX кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын сентябрь айынын 17 №31/19-2
Чолпон-Ата шаарындагы 3-кичи районунун А.Осмонов көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы №01-8/2251 катынын, «SOS-Детские деревни Кыргызстана» коомдук фондунун 2025-жылдын 28-мартындагы №51 буйругунун, Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары”жѳнүндѳ» мыйзамдарынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-сентябрындагы протоколуна ылайык, токтом кылат:
-Чолпон-Ата шаардын кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү мекеме ишканалардын кырдаалдык планынын кортундулардын негизинде, мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
-Чолпон-Ата шаарындагы 3-кичи районунда жайгашкан мүлкүн баланска өткөрүп алуу актысы боюнча 20 күндүк мөөнөттө иш алып баруу жана тиешелүү маалыматты Чолпон-Ата шаардык кеӊешке берүү жагы тапшырылсын.
3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңештин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.М. Молдобеков