Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 65
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 41-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 5-главасынын 5.1 пунктуна ылайык, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Өмүрзаков Алымбек Замирбекович Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайланды деп эсептелсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |