Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
XXXI чакырылышынын XIX кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын сентябрь айынын 17_ №31/19-3
Чолпон-Ата шаарынын Санаторская көчөсүнүн №13а дарегинде жайгашкан жер тилкесин жана турак жай үйлөрү менен муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы №01-8/2308 катынын, И.К.Бакированын 2025-жылдын 12-сентябрындагы арызынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жѳнүндѳгү мыйзамдарынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-сентябрындагы протоколуна ылайык, токтом кылат:
-Чолпон-Ата шаардын кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү мекеме ишканалардын кырдаалдык планынын корутундулардын негизинде, мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
-Чолпон-Ата шаарынын Санаторская 13а дарегинде жайгашкан мүлкүн баланска өткөрүп алуу актысы боюнча 20 күндүк мөөнөттө иш алып баруу жана маалыматты Чолпон-Ата шаардык кеӊешке берүү жагы тапшырылсын.
3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеңештин «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.М. Молдобеков