Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 66
Ош шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилди, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана агрардык тармакты колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын сунушун жана 2025-жылдын 30-июнундагы №6 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 8-главасынын 8.10. пунктунун 2-пунктчасындагы туруктуу депутаттык комиссиянын аталышындагы “агрардык” деген сөз алынып салынсын жана 8.10. пункту төмөнкү мазмундагы пунктча менен толукталсын:
“- мамлекеттик тилди, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана агрардык тармакты колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия”.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Тургунбаев) жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |