ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-январы № 1/1
Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандарга түз берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген " Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу" типтүү жобонун 69-беренесинин негизинде, Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Керимкул уулу Шеримкулдун аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандардын, жер берүү боюнча арыздары жѳнүндѳ маалыматын, Первомайский айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы кезектеги сессияда угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен пайдаланууга тѳмѳнкү аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр жана жарандарга берилсин:
- Саидов Алихан Ысмайыловичге – 2га жер участкасы,
- Орозбаков Темир Асанбековичге -2га жер участкасы,
- Мамбетова Айгуль Нурбай кызы -2га жер участкасы.
2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Сартпаев бул жарандар менен ижара акысы мыйзамдын негизинде карап, 5-жылдык мѳѳнѳткѳ жер участкасын ижаралоо келишимин түзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кенешинин жер комиссиясынын тѳрагасы Насиров Эльманга жүктѳлѳт.
Төрайым |
| З.М. Кочкорова |