Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 27-январы № 2/2

2024-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн  программасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесинин негизинде жана жоолугушуулардын натыйжаларын эске алуу менен, айылдык кеңештин XXVIII чакырылышы, бюджет боюнча депутаттык комиссиясынын сунушун 1-сессиядан угуп жана такуулагандан кийин

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2024-жылга Первомайский айылдык аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О.Сартпаев программанын жарым жылдык, тогуз айдык жана жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылыш отчетун берсин .

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Борончу уулу Н. жүктөлсүн.

 

Тѳрайым

 

З.М.Кочкорова

 

Первомайский айылдык кенешинин 2024-жылдын 27-январындагы №2/2 токтомуна 1- тиркеме

 

 

 

 

Сокулук районунун Первомай айыл өкмөтүнүн 2024 жылга социалдык-экономикалык иш-чаралар планы.

 

№

Милдеттер

Иш-чаралар

(кубаттуулугу, түзулгон жумуш орду)

Каржылоо булактары

(жеке инвес., респ. бюдж, ОКФ, ӨФ ж.б)

1

2

3

4

 

1. Айыл чарба

1

Айыл-чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо

Национальный айылынын түштүк тарабындагы лоток системаларын алмаштыруу 

 

Дыйкан чарбалар - 1550,0 мин.сом

Чүй облусунун онуктуруу фонду 7369,0 мин.сом

2

Первомай айыл аймагындагы айдоо жерлерине барчу кѳпүрѳѳлѳрдү ондоп түзѳѳ, арыктарды тазалоо.

Жергиликтүү бюджеттен 20,0 мин сом

Аймактын дыйкандары – 100,0 мин сом

 

Суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу боюнча уруксат документтерин даярдоо

Донорлор  200,0 мин сом

3

Ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү

Бодо малды, жылкыны жана майда мүйүздүү малды идентификациялоо үчүн бөлүктөр (раскол)

Сокулук ѳнүктүрүү фонду 400,0 мин сом

2. Инфраструктура

4

Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу

Первомайский айылынын ички жолдорун ондоо

Жергиликтүү бюджет – 877,0 мин сом

Республикалык бюджеттен 2900,0 мин сом

5

Национальный, Панфилов айылдарынын ички жолдорун ондоо

Жергиликтүү бюджет -1302,0мин сом

Республикалык бюджеттен 3000,0 мин сом

 

Первомайский айылындагы тратуарды ондоо

Жергиликтүү бюджет

100,0 мин.сом

Чүй өнүктүрүү фонду 1000,0 сом

6

Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу

Айыл өкмөтүнүн ички жолдорун жарыктандыруу

Жергиликтүү бюджет

100,0 мин.сом

7

Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу

Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып кетуу жана керектен чыгарууну уюштурууга

Жергиликтүү бюджет

500,0 мин.сом

 

8

Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу

Первомайский айылында паркты ирээтке келтирүү көрктөндүрүү

Национальный айылында клубдун территориясвнда паркты ирээтке келтирүү, жашылдандыруу

Панфилов айылында Линейная көчөсүндө балдар бака аянтынын тегерегине парк уюштуруу, көчөттөрдү отургузуу, көрктөндүрүү.

Жергиликтүү бюджет

100,0 мин.сом

9

Аймакты жашылдандыруу максатында калтуу конуштарды сугат суу менен камсыздоо

Жергиликтүү тургундар 20,0 мин сом

10

Кѳрстѳндѳр

Аймактагы кѳрстѳндѳрдүн аянтын кеңейтүү үчүн жерлерди трансформациялоо.

Жергиликтүү бюджеттен 50,0 мин сом,

11

Жата кана

Первомайское айылындагы муниципалдык жатакананы ирээтке келтирүү

Жергиликтүү бюджеттен – 50,0мин сом

3. Таза суу

12

Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу

Первомайский айыл аймагындагы үч айылдын суу түйүн оңдоп түзөө иштери

Жергиликтүү бюджет – 200 мин сом

13

Первомайский айылына кошумча суу скважинасын  куруу

Жергиликтүү бюджеттен 500мин сом,

Айыл тургудардын демѳѳрчүлүгү менен 100мин сом

Республикалык бюджеттен, донорлордон – 20 000мин сом

14

Панфилов айылындагы суу мунарасына тосмо куруу

Сокулук өнүктүрүү фонду  – 675,6мин сом

4. Билим берүү

15

Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу

Первомайское айылынын Краснооктябрь №2 орто мектебинин сырткы дааратканасын бүтүрүү

Жергиликтүү бюджет

 947,7 мин сом

Сокулук өнүктүрүү фонду 945,2 мин.сом

16

Первомай айылындагы балдар бакчасын учурдагы тейлѳѳгѳ

Жергиликтүү бюджет

120,0 мин сом

17

Национальное айылына бала бакча куруу 90 орунга

Республикалык бюджет, донор тараптан

60000,0 мин.сом 

18

Национальное айылынын Панфилов атындагы орто мектебин учурдагы тейлѳѳгѳ

Жергиликтуу бюджет 100,0 мин сом

19

Первомайское айылынын Краснооктябрьская № 2 орто мектебин учурдагы тейлѳѳгѳ

Жергиликтуу бюджет 100,0 мин сом

20

Первомайское айылынын Краснооктябрь №2 орто мектебинин спорт залын оңдоо сырткы дубалын ондоо, кѳрктѳндүрүү.

Жергиликтүү бюджет

1185,0 мин.сом

Республикалык бюджеттен 3000,0 мин.сом

21

Национальное айылынын Панфилов атындагы орто мектебин от жагуучу жайды калыбына келтирүү

Жергиликтуу бюджет 300,0 мин.сом

5. Маданият

22

Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү

Первомайский айылындагы маданият үйдү  кезектеги ремонттоо

Жергиликтуу бюджет 50,0 мин.сом

23

Национальный айылындагы маданият үйдү  кезекти ремонтоо

Жергиликтуу бюджет 50,0 мин.сом

24

Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу

Первомайский айылына китепкана ачуу

Демѳѳрчүлѳр 500,0 мин.сом

6. Спорт

25

Парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү

Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу

Первомайский, Национальный жана  айылдарына балдар аянтчысын куруу

Жергиликтуу бюджет 500,0 мин.сом

26

Первомайский айылына кичи футбол аянтчасын куруу

Жергиликтуу бюджет 100,0 мин.сом

Республикалык бюджеттен

4 500,0мин сом

27

Аймактагы спорт аянтчаларын кѳрктѳндүрүү, кезектеги ондоп түзѳѳ

Жергиликтуу бюджет 150,0 мин.сом

7. Ѳзгөчө кырдаалдар

28

ѳзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү

Ѳзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү

Жергиликтуу бюджет 70,0 мин.сом

 

8. Саламаттыкты сактоо

29

Аймактын жарандарынын саламаттыгын сактоого кѳмѳк кѳрсѳтүү

Национальный айылына жаңы ФАП куруу

Жергиликтуу бюджет 60,0 мин.сом

Донорлордон 9000,0 мин сом

30

Первомайский айылындагы УДТ поликлиникасын оңдоп түзѳѳ

Жергиликтуу бюджет 300,0 мин.сом

АРИСтин долбоорунан- 2 800,0 мин сом

9. Социалдык коргоо

31

Жарандарга социалдык коргоо боюнча укуктук жана материалдык жардам кѳрсөтүү

Жакыр жашаган үй-бүлөлөргө, жетим калган балдарга, карыяларга (социалдык программанын негизинде) негизинде  материалдык жардам көрсөтүү

Жергиликтүү бюджет

550,0 мин.сом

32

Жумушсуз жарандарды убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылуу

Жумушсуз жарандарды убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылуу (центр занятости) бюджетинен

Жергиликтүү бюджет

60,0 мин.сом

33

Окутуу

Калктын аярлуу катмарларын жумуш менен камсыздоо үчүн окуусуна материалдык жактан кѳмѳк кѳрсѳтүү

Жергиликтүү бюджет

50,0 мин.сом

34

Боди камера сатып алуу

Коомдук тартипти камсыздоо максатында алуу

Жергиликтүү бюджет 160 мин.сом