ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-январы № 2/3
2024-жылга карата калкты социалдык жактан коргоонун программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, бюджет боюнча депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 25-январындагы протоколунун негизинде, коомдук угуулардын натыйжаларын эске алуу менен, айылдык кеңештин XXVIII чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2024-жылга карата калкты социалдык жактан коргоонун программасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы Эдик Омурзакович Сартпаев:
- программанын аткарылышын камсыздасын;
- программанын жарым жылдык, тогуз айдык жана жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылыш отчетун берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Борончу уулу Н. жүктөлсүн.
Тѳрайым |
| З.М.Кочкорова |
Кыргыз Республикасынын
Чүй облусунун Сокулук райондук Первомайский айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-январындагы №2/3 токтомунун 1-тиркемеси
Первомайский айыл аймагынын 2024- жылга карата социалдык программасы
№ | Тапшырма | Аткарыла турган иш-чара | Акча каражаты |
1. | Жылдын башынан ата-энесинен камкордугусуз калган балдарга жеке план боюнча материалдык жардам көрсөтүү | Мектепке кийим кече, кыш мезгилине көмүр менен камсыздоо, 10 бала | 200000 |
2 | Жөлөк пул боюнча арыздын негизинде Социалдык райондук эмгек жана миграция бөлүмү тарабынан каржыланат | Жөлөк пул боюнча арыздар комиссиянын чечиминин негизинде каралат |
|
3 | 15 февраль Афгандын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү | Үч катышуучу 5000 мин сомдон | 15000 |
4 | Дүйнөлүк социалдык адилетүүлүк күнүнө карата муктаждарга материалдык жардам көрсөтүү | Медициналык, материалдык жагынан көрсөтүү | 10000 |
5 | Чернобыль окуясынын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү | 2 адамга 3000 мин сомдон | 10000 |
6 | 1 июнь балдардын күнүнө карата | Үч айылдын балдарына балмуздак таратуу | 35000 |
7 | Ишке орноштуруу борбору боюнча жарандар жумуш менен камсыздалат. ( жай,жаз күз, айылды көрктөндүрүү боюнча. | Эмгек акысын 50% айыл өкмөтү , 50% ишке орноштуруу борбору каржылайт | 10 киши 1800 сом. |
8 | Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө 28,29-ст. жарандардын бул категриясы үчүн жумуш орундарын квота боюнча андан ары өнүктүрүү үчүн ден соолугугун мүмкүнчүлүктөррү чектелүү адамдарды жана интернаттык мекемелердин бүтүрүчүлөрүн зарыл эмгек шарттарын түзүү жана ишке орноштуруу жөнүндө | Айыл аймактыгы мекмелерге сурамжылоо иштери жүргүзүлдү | Бош жумуш орду ылайык келсе ,жумушка орноштуруу |
9 | Социалдык жактан аз камсыз, муктаж болгон үй-бүлөлөрдун балдарына мектепке барганга кийим кече, окуу куралдарга жардам көрсөтүү | Президенттин жарлыгы боюнча 2021-жылдын 13-декабрындан ПЖ №561 жардам көрсөтүлсүн | 30000 |
10 | Социалдык контракт 2021-жылдын 12 октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген төмөнкү артыкчылыктуу милдетери ишке ашырууга багытталган.Калктын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарылгыз жардам 100000 мин сом берилди | Первомай айыл аймакта бугунку кундө кайрылган уй-бүлөлөр жок |
|
11 | Карылар күнүнө карата 70- жаштан жогору карыяларга азык түлүк баштыкча таратуу | 80 карыя | 50000 |
12 | Мумкунчулугу чектелген кышкы мезгилге көмүргө материалдык жардам көрсөтү | Мүмкүнчүлүгү чектелген , аз камсыз болгон үй-бүлө, 40 адамга 5000 сомдон | 200000 |
13 | Жаны жылга балдарга белек таттуу баштыкчалары таратылат | Аз камсыз, ата энесинин камкордугусуз , мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Аяз атадан таттуу баштыкчалары таратылат 50 бала | 35000 |
14 | Баткен окуясына катышуучуларга мат.жардам көрсөтүү | 2 катышуучу | 10000 |
15 | Кургак учук орусу менен орууган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү | Транспорт чыгымдарына | 5000 |
| Баардыгы |
| 600000 м.с. |
| Первомай айыл аймагында жашап ,эгер жогорку окуу жайда окуп,контракт(окуу жайга төлөнө турган каражаты)жетишсиз болуп жаткан студенттерге айыл өкмөту тарабынан жардам берилсин. | Аз камсыз болгон уй булөлөргө | Айылдык кенеште каралсын |