Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 15-февралы № 3/6

“Ак-Ниет” муниципалдык ишканасынын катуу турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, “Ак-Ниет” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Мусаевдин маалыматын угуп жана талкуулапайылдык кеңештин XXVIII чакырылышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Первомайский айыл аймагындагы “Ак-Ниет” муниципалдык ишканасы  тарабынан катуу турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи 2023-жылдан тартып, Первомайский айыл аймагынын  ар бир чарбасынан айына 135 (жүз отуз беш) сом өлчөмүндө, анын ичинде жергиликтүү калк – 100сом бир үй чарбага, жергиликтүү бюджеттен – 35сом бир үй чарбага субсидия катары бекитилсин.

2. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери:

-        Первомайское айылы боюнча ар бир туруктуу жашоочуга 40 сомдон бекитилсин,

-        Национальный жана Панфилов айылдары боюнча бир үч-чарбага 150 сомдон бекитилсин.

3. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева, бул токтомду мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинен катоодон ѳткѳзсүн.

4. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев:

-        жогорудагы бекитилген субсидияны ай сайын жергиликтүү бюджеттен “Ак-Ниет” муниципалдык ишканага которсун.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Первомайский айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Тѳрайым

 

З.М.Кочкорова