ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-февралы № 3/7
Жер мунапысынын негизинде, Первомайский айылдык аймактагы жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участокторунун чектик өлчөмдөрүн аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысынын “Жер мунапысынын негизинде, Первомайский айылдык аймактагы жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участокторунун чектик өлчөмдөрүн аныктоо жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Первомайский айыл аймакта жеке жактарга жер мунапысы менен берилип жаткан жер участокторунун чектик өлчөмү 2500м2 чейин бекитилсин.
2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева, бул токтомду мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинен катоодон ѳткѳзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Первомайский айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрайым |
| З.М.Кочкорова |