Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-январындагы № 11

 

“Айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө”

Кызыл-Ту айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын Жумабай, Кулов, Билал көчөлөрүндө жайгашкан Таза суу сактагычтарга юридикалык документтер даярдоо үчүн Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү боюнча Айылдык кеңештин сессиясынын отурумунда жергиликтүү кеңештин депутаты Р.К. Чыныбаевтин кайрылуусун карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Ту айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын Жумабай, Кулов, Билал көчөлөрүнүн аймагында жайгашкан Таза суу сактагычтарга юридикалык документтерин даярдоо үчүн Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Айылдык  Кенештин төрагасы

М.Б. Суюналиев