Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 токтомуна)
Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 513, 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жаранды майыптыгы бар адам деп таануу тартибин жана шарттарын аныктайт, ал аймактык (райондор аралык, шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) тарабынан ишке ашырылат.
2. Медициналык-социалдык экспертиза (мындан ары - МСЭ) жарандын жашоо-тиричилигинин чектөөлөрүнүн деңгээлин жана даражасын белгилөө, ошондой эле жарандын организминин абалын жалпы баалоонун, анын клиникалык-функциялык, социалдык-тиричилик, кесиптик-эмгектик жана интеллектуалдык, психологиялык маалыматтарынын негизинде реабилитациялоо жана социалдык коргоо чараларын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
2-глава. Жаранды майыптыгы бар адам деп таануунун негиздери жана майыптыкты белгилөө мөөнөттөрү
3. Жаранды майыптыгы бар адам деп таанууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) оорулар, жаракаттардын кесепеттери же кемтиктер менен шартталган организмдин функцияларынын туруктуу бузулушу менен ден соолуктун бузулушу;
2) жашоо-тиричиликтин чектелиши - жарандын өзүн-өзү тейлөө, өз алдынча кыймылдоо, багыт алуу, баарлашуу, өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо, окутуу же эмгек ишин жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүн же мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготуусу;
3) социалдык коргоо чараларына, реабилитациялык жана абилитациялык иш-чараларга зарылдык.
4. Майыптыгы бар адам деп таанылган 18 жаштан жогору жаранга оорунун, травманын же кемтиктердин кесепетинен пайда болгон организмдин функцияларынын туруктуу, калыбына келтирилгис бузулушунун даражасына жараша майыптыктын I, II же III тобу белгиленет, ал эми 18 жашка чейинки курактагы жаранга - майыптык тобу белгиленбестен "майыптыгы бар бала" категориясы белгиленет.
5. Ден соолугунун бузулуу мүнөзүнө жана даражасына жараша I топтогу майыптык 7 жылдык мөөнөткө, II топтогу майыптык 4 жылдык, III топтогу - 2 жылдык мөөнөткө белгиленет.
Ошол эле учурда жаран (анын мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлү) анын пикири боюнча аны майыптыгы бар адам деп таануу үчүн негиздердин жоголушуна алып келген ден соолугунун абалы жакшырган учурда майыптык статусун мөөнөтүнөн мурда алып салуу үчүн МСЭКке арыз менен кайрылууга укуктуу.
"Майыптыгы бар бала" категориясы жаран 18 жашка толгонго чейин 1 жылдык, 2 жылдык, 5 жылдык мөөнөткө белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кайра күбөлөндүрүүнүн мөөнөтүн көрсөтпөстөн, жаранды майыптыгы бар адам деп биринчи жолу таанууда оорулары, кемтиктери, органдарынын функцияларынын жана организмдин системаларынын калыбына келтирилгис морфологиялык өзгөрүүлөрү жана бузулушу бар 18 жаштан жогору жарандарга майыптыктын тобу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленет.
18 жашка чыга элек жарандарга "майыптыгы бар бала" категориясы 18 жашка чыкканга чейин ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык белгиленет.
Мында саламаттык сактоо уюмунан МСЭге жолдомодо дарылоонун, реабилитация же абилитациялык иш-чараларынын оң натыйжаларынын жоктугу жөнүндө динамикалык маалыматтар камтылышы зарыл.
7. "Майыптыгы бар бала" категориясы белгиленген жарандар 18 жашка толгондо ушул Жобонун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте кайра күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Мында майыптыктын мөөнөттөрүн эсептөө аларга "майыптыгы бар бала" категориясы белгиленген күндөн тартып жүргүзүлөт.
8. Чернобыль атомдук электрстанциясындагы кыйроого жана жарандык же аскердик багыттагы башка объекттердеги аварияларда, ошондой эле ядролук куралды сыноодо радиациялык факторлордон жабыр тарткан, аларга карата Радиациянын таасири менен байланышкан оорунун жана майыптыктын келип чыгышынын себептик байланышын аныктоо боюнча республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш радиациялык факторлордун таасиринен улам пайда болгон оорунун себептик байланышын белгилеген жана биринчи жолу майыптыгы бар адам деп таанылган жарандарга майыптык төмөнкүдөй белгиленет: I топ - мөөнөтсүз, II жана III топтор - беш жылдык мөөнөткө.
Радиациянын таасирине байланышпаган туруктуу эмгекке жарамсыздыкка алып келген жаңы оорулар, мертинүүлөр, жаракаттар пайда болгон учурларда жана болжол жакшы болгондо майыптыктын тобу жашоо-тиричиликтин чектелишинин даражасына ылайык бир же эки жылга белгилениши мүмкүн.
9. Жаран майыптыгы бар адам деп таанылган учурда, МСЭКке экспертизага жолдомо (088у форма) келип түшкөн дата экспертиза башталган дата болуп эсептелет. Экспертиза аяктаган күн майыптык белгиленген дата болуп саналат.
10. Майыптык жаранды кезектеги экспертизадан өткөрүү (кайра күбөлөндүрүү) дайындалган айдан кийинки айдын 1-күнүнө чейин белгиленет.
Жаран 18 жашка толгонго чейин "майыптыгы бар бала" категориясы 18 жашка толгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин белгиленет;
Бала 18 жаш куракка толгонго чейин бир жылдан азыраак калганда (6 айдан ашык эмес) күбөлөндүрүүдөн өткөн учурда аймактык МСЭКке баланын МСЭге жолдомосунун (088/у форма) негизинде чоңдор үчүн медициналык акт түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)