Редакцияот 15.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын

кезекcиз ХII сессиясынын

 

  2025-жылынын  15-августу  №1

 

«Жалалабат шаардык Мэриясынын “Жалалабатводоканал” суу түтүктөрү-канализация чарбасынын Жалалабат чарбалык эсептеги башкармалыгына жана “Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдүн муниципалдык автобазасы” муниципалдык ишканасына пайызсыз карыз алууга макулдук берүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 14.08.2025-жылдагы чыг.№01-18/5044 сандуу катты шаардык кеңештин 14.08.2025-жылдагы кеңейтилген жыйынында карап чыгып, жыйындын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XII cессиясы

 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Жалалабат шаардык Мэриясынын “Жалалабатводоканал” суу түтүктөрү-канализация чарбасынын Жалалабат чарбалык эсептеги башкармалыгына жана “Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдүн муниципалдык автобазасы” муниципалдык ишканасына “Асфальт Бетон Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомунан 45 000 000 (кырк беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын пайызсыз карыз алууга макулдук берилсин.

2.    Жалалабат шаардык Мэриясынын “Жалалабатводоканал” суу түтүктөрү-канализация чарбасынын Жалалабат чарбалык эсептеги башкармалыгына жана “Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдүн муниципалдык автобазасы” муниципалдык ишканасына карыз алууда Жалал-Абад шаарынын мэриясы кепилдик берүүчү тарап болууга макулдук берилсин.

3.    Карыздарды алууда мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жана өз жоопкерчелигине алуу жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.А.Ормоков), Жалалабат шаардык Мэриясынын “Жалалабатводоканал” суу түтүктөрү-канализация чарбасынын Жалалабат чарбалык эсептеги башкармалыгынын башчысына (Тыныбек у З.), “Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдүн муниципалдык автобазасы” муниципалдык ишканасынын жетекчисине (А.Т.Максутов) милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

5.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

6.    Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

Төрага

 

 

Турдубеков О.Т.