Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз ХII сессиясынын
2025-жылынын 15-августу №2
«Электр жабдууларды Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын
балансына өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 12.08.2025-жылдагы №01-18/4984 сандуу катты шаардык кеңештин 14.08.2025-жылдагы кеңейтилген жыйынында карап чыгып, жыйындын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүнүн №150а дарегинде жайгашкан Россия Федерациясы тарабынан куруулучу мектептин электр мамычаларын жана аба чубалгыларын Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Электр жабдууларды Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш департаментинин башчысына (Мамаджан у А.) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |