Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз III сессиясынын
2025-жылдын 15-апрели № 3-10-6
«Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан сатып алынуучу 1 бирдик атайын техника сатып алууда жана талаптарды аткаруу үчүн, каржылоого суралган суммадан 20 % 1 340 000 (бир миллион үч жүз кырк миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 03.04.2025-жылындагы № 01-14-167 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча тутуктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Ⅹ чакырылышынын кезектеги ⅠⅠⅠ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэринин орун басары Н.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 1 бирдик атайын техника сатып алууда жана талаптарды аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоого суралган суммадан өздүк салым 20 % болгондуктан, “Майлуу-Суу-Тазалык” муниципалдык мекемесинин коммерциялык сунуштарынын негизинде таштанды ташуучу Хово -16 куб.м (контейнери) менен (6 700 000 сом) анын 20 % 1 340 000 ( бир миллин үч жүз кырк миң) сом акча каражаты керектелээрин билдирет. Мэриянын эсеп счетунда каралган “Рахат” № 5 мектепке чеийнки билим берүү уюмунун аймагында жайгашкан эки кабаттуу имаратын, Майлуу-Суу шаарынын борбордук паркын капиталдык ремонттон ѳткѳрүүгѳ каралган 900 000 миң сом, жылуулук беренесинен 440 000 миң сом жалпысынан 1 340 000 ( бир миллион үч жүз кырк миң) сом акча каражатын техника сатып алуу үчүн бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |