Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XIII сессиясынын
2025-жылынын 3-сентябры №1
«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы жөнүндө»
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы О.Турдубеков өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесине жана Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин иштөө Регламентине ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы О.Турдубековдун арызы канааттандырылсын.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы кызматына Болотов Нуртилек Болотович шайланды деп эсептелсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
Маманов К.Т. |