Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-январындагы № 14

 

“Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылында завод-фабрика куруу үчүн №234, №236, №238, №243 контурларда жайгашкан жалпы аянты 8,0 га жер тилкесин бөлүп берүү жана жер тилкесинин категориясын өндүрүшкө которуу жөнүндө жеке турак-жай куруу боюнча туруктуу жер комиссиясынын А. Бектургановтун чечимин айылдык кеңештин сессиясында карап чыгып, талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Ту айыл аймагынын Кара-Сакал айылында завод-фабрика куруу үчүн №234, №236, №238, №243 контурларда жайгашкан жалпы аянты 8,0 га жайыт жерлеринен жер тилкесин бөлүп берүүгө жана жер тилкесинин категориясын өндүрүшкө которууга макулдук берилсин.

2. Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы жайыт жерлеринин категориясын өндүрүшкө которуу боюнча райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч менен кайрылсын.

3. Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбеков аталган жер тилкесин трансформациялоо боюнча тиешелүү токтом чыгарууга милдеттендирилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Айылдык  Кенештин төрагасы

М.Б. Суюналиев