Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз III сессиясынын
2025-жылдын 15-апрели № 3-10-7
«Майлуу-Суу шаарынын кинотеатр “Октябрь” имаратынын ижара акысын убактылуу жылдыруу жөнүндө»
Майлуу-Суу шаарыныын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 10.02.2025-ж. № 01-05/95 сандуу кайрылуусн, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Майлуу-Суу шаардык кеңештин Х чакырылышынын кезектеги ІІⅠ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарыныын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын кинотеатр “Октябрь” имаратынын ижара акысын убактылуу 01.02.2025-жылдан тартып 01.10.2025-жылга чейин жылдырып турууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшрылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |