Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз III сессиясынын
2025-жылдын 15-апрели № 3-10-8
«Майлуу-Суу шаарында “ Муниципалдык менчикте турган техникаларды аукцион аркылуу сатуу боюнча” жобосун бекитүү жөнүндө»
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 04.02.2025-ж. чыг.№ 01-14-53 сандуу кайрылуусундагы “Муниципалдык менчикте турган техникаларды аукцион аркылуу сатуу боюнча жобосу менен таанышып чыгып, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Х чакырылышынын кезектеги ІІІ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын “Муниципалдык менчикте турган техникаларды аукцион аркылуу сатуу боюнча” жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |