Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз III сессиясынын
2025-жылдын 15-апрели № 3-10-4
«Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2025- жылдын 17-февралындагы “Майлуу-Суу шаарынын 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилин бекитүү жөнүндөгү” № 2-10-10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-январындагы чыг. № 01-14-50 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, депутаттардын сунуштарын эске алып жана шаардык кеңештин регламентине ылайык шаардык кеңештин Ⅹ чакырылышынын кезектеги ⅠⅠⅠ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэринин орун басары Н.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-февралындагы “Майлуу-Суу шаарынын 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилин бекитүү жөнүндөгү” № 2-10-10 токтомунун 2 пунктунун 9 бөлүгүндөгү сүйлөмдөгү “ 42,5 бирдик менен ” деген сөздөр алынып ордуна “37 бирдик менен бекитилсин” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Ушул токотомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |