Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз IV сессиясынын
2025-жылдын 4-август № 4-10-1
«Майлуу-Суу шаарынын 2025-жылдын I жарым жылдыгынын
бюджетин тактоо жөнүндө»
Майлуу-Суу шаарынын 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн планын тактоо жөнүндө шаардык мэриянын, шаардык каржы башкармалыгынын маалыматтарын жана шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин X- чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 2025-жылдын I жарым жылдыгынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн планын тактоо -5222,6 миң сом (беш миллион эки жүз жыйрма эки миң алты жүз) өлчөмүндө азайтуу менен № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Майлуу-Суу шаарынын 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планын тактоо -5222,6 миң сом (беш миллион эки жүз жыйрма эки миң алты жүз) өлчөмүндө азайтуу менен №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |