Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз IV сессиясынын
2025-жылдын 04-август № 4-10-2
«Кыргыз Республикасынын турукташтыруу фондунан Майлуу-Суу шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында бөлүнгөн 100 000 000 (жүз миллион) сомдук акча каражатын пайдалануу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги №140 сандуу тескемесин, Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 22.05.2025 ж. № 01-14-241 сандуу кайрылуусун, шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин X-чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэринин орун басары Н.А.Абдиганиевдин баяндамасы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын турукташтыруу фондунан бөлүнгөн акча каражатын тиркемеге ылайык пайдалансын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |