КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январындагы № 20
«Тамактанууга ата-энелердин төлөмүн бекитүү жөнүндө»
Кызыл-Туу айыл аймагынын Маловодное айылында жайгашкан «Үмүт булагы» бала бакчасынын мүдүрү Ж.С. Болотбекованын кайрылуу катын карап, талкуулап 1 күнгө негизделген график боюнча тамактануу үчүн ата-энелик төлөмдү бекитүү жөнүндө Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир балага бир ай себепсиз келбесе да, тамак-ашына ата-энесинин төлөмүн бекитүүгө макулдук берилсин. Ар бир күндүк тамагы үчүн 90 (токсон) сомдон, башка нерселер үчүн 10 (он) сомдон төлөнөт, жалпы суммасы 100 (жүз) сом.
2. Төлөм убагында төлөнбөсө, бала бала бакчага кабыл алынбайт.
3. Балдарды бала бакчага кабыл алуу келишими кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы «Үмүт Булагы» балдар бакчасынын мүдүрү Ж.С. Болотбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.
Айылдык кенештин төрагасы |
| М.Б. Суюналиев |