Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз IV сессиясынын
2025-жылдын 4-август № 4-10-3
«Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчикте турган кызматтык турак үйлөрдүн мындан ары тейлөө жумуштарына жергиликтүү бюджетен каржылануусу жөнүндө»
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 29.04.2025 ж. № 01-14-206 сандуу кайрылуусун, шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин X- чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэринин орун басары Н.А.Абдиганиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчикте турган кызматтык турак үйлөрдүн мындан ары тейлөө жумуштарына жергиликтүү бюджетен каржыланууга макулдук берилсин:
– Майлуу-Суу шаары, З. Кутманова көчөсү 5а жалпы аянты -1000,0 ч. м болгон жер тилкеси иш жүзүндөгү 2 кызматтык турак үй идентификациялык коду 3-13-03-0049-0043
– Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү № 135б жалпы аянты -800,00 ч. м болгон жер тилкеси иш жүзүндөгү 1 кызматтык турак үй идентификациялык коду 3-13-03-0044-0009
– Майлуу-Суу шаары, Заводская көчөсү № 33 жалпы аянты -1700,0 ч. м болгон жер тилкеси иш жүзүндөгү 2 кызматтык турак үй идентификациялык коду 3-13-03-0049-0086.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |