Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XIII сессиясынын
2025-жылдын 3-сентябры №2
«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктуна жана Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин иштөө Регламентинин 5-бөлүмүнө ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 28.11.2024-жылдагы I уюштуруу сессиясынын №2-токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарлык кызматына Айдарова Назгуль Кубанычбековна шайлангандыгы бекитилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |