КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январындагы № 24
“2 тайпалык 3 сааттык бала бакчанын ачылышы жөнүндө”
Кызыл-Ту айыл аймагынын Токбай айылында М.Суранчиева атындагы мектептин аймагына 50 орундуу 2 тайпалык 3 сааттык бала бакча ачуу зарылчылыгы тууралуу, ошондой эле айылда мектепке чейинки балдардын санынын өсүшүнө карата, Токбай айылдын тургундарынан түшкөн арыздарга байланыштуу М. Суранчиева орто мектептин мүдүрү Орозалы к.Л. кайрылуусун карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ту айыл аймагынын Токбай айылында М.Суранчиева атындагы мектептин аймагына 50 орундуу 2 тайпалык 3 сааттык бала бакча ачууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы М. Суранчиева атындагы орто мектебинин мүдүрү Орозалы к. Л. жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.
Айылдык кенештин төрагасы |
| М.Б. Суюналиев |