Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XIII сессиясынын
2025-жылдын 3-сентябры №4
«Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин мүлктөрүн өткөрүп берүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши жаңы имаратка көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 01.09.2025-жылдагы чыг.№01-18/5381 сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакиев көчөсүнүнүн №38 дарегинде жайгашкан Жалал-Абад шаарынын мэриясынын эски имаратын жана имаратындагы эмеректерди, техникалык жабдууларды мэрдин буйругу менен муктаж болгон мекеме-уюмдарга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакиев көчөсүнүнүн №38 дарегинде жайгашкан Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин балансындагы эмеректерди жана техникалык жабдууларды шаардык кеңештин тѳрагасынын буйругу менен муктаж болгон мекеме-уюмдарга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине, Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагасына мүлктөрдү өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |