Редакцияот 13.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 13-февралындагы № 26

“2023-жылдын жыйнтыгы жөнүндө”

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө Каржы бөлүм башчысы А.Б.Раимбекованын отчетун угуп жана талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча КЭБ башчысы А.Б.Раимбекованын отчету бекитилсин:

Жалпысынан кирешелер жана чыгашалар, атайын каражаттарды, теңдештирүүчү гранттарды жана башка кирешелерди эске алуу менен 2023-жылга миң сомду түздү, атайын каражаттарды эсепке албаганда 13973,7 миң сомду түздү.

Эркин калдык 01.01.2023-жылга карата 6050,6 миң сомду түздү.

2023-жылдын 12 айында бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы төмөнкү таблицага ылайык 135,9% түздү:

Аталышы

 

Бекитилген план 2023ж.

Такталган план 2023ж.

2023 ж. 12 айына

түштү

% аткарылышы.

Киреше салыгы

7177,0

9389,9

12315,7

1,3

Патентке негизделген салык

648,2

668,2

560,0

0,8

Кыймылсыз мүлк салыгы

157,0

157,0

239,0

1,5

менчик транспорт каражаттарына салык

1110,2

1110,2

1405,1

1,2

Жеке жактардан жер салыгы

136,0

136,0

720,4

5,2

Айыл чарбалык эмес максаттар үчүн жер салыгы

1250,0

1250,0

1854,6

1,5

Роялти

86,0

86,0

200,5

2,3

Лицензияланган укуктар үчүн сактоо акысы

71,0

71,0

307,9

4,3

Калктуу конуштардын ижара акысы

253,2

253,2

628,0

2,5

ФПС жерлерин ижара акысы

2959,3

2959,3

3667,0

1,2

Бөлмө ижарага алуу акысы

-

-

19,5

-

Жайыт жер колдонуучу төлөм

100,0

100,0

40,0

0,4

Таштандыларды чогултуу акысы

5,8

5,8

15,4

2,6

Башка төлөмдөр

 

 

16,8

 

Алкоголдук продукциясы жана этил спирттин обороту

 

 

5,0

 

Атайын эсепсиз жалпы киреше

13973,7

16186,6

21995,5

135,9

Атайын эсеп

1174,0

1174,0

1069,0

91,1

Жалпы киреше:

15147,7

17360,6

23064,6

132,9

 

Жалпысынан 2023-жылдын 12 айынын бюджеттик планы 135,9%га аткарылды

суммасы 5935,2 миң.сом

- киреше салыгы + 2925,8 миң  сом

- кыймылсыз мүлк салыгы + 82,0 миң сом

- менчик транспорт каражатынын салыгы + 294,9 миң сом

- жеке жактардан жер салыгы +584,4 миң  сом

- айыл чарбалык эмес жер салыгы + 604,6 миң сом

- роялти +114,5 миң сом

- лицензияны сактоо үчүн төлөм +236,9 миң сом

- калктуу конуштардын  ижара акысы + 374,8 миң сом

- ФПС жерлерин ижара акысы  - 707,7 миң сом

- Таштандыларды чогултуу акысы + 9,6 миң сом

Ошол эле убакта эки булак боюнча – 167,6 миң сом пландын аткарылышы камсыз кылынган эмес.

- патентке негизделген салык- 107,6 миң сом

- Жайыт жер колдонуучу төлөм – 60,0 миң сом

2023-жылдын 12 айынын бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы менен мүнөздөлөт:

 

Аталышы

Бекитилген план

2023ж

Такталган план

2023ж.

Кассалык

чыгыша

%

1

Мамлекеттик кызматтар

8962,4

9496,4

9120,2

96

2

Кеңеш

488,3

488,3

488,3

100

3

ЖКХ

474,0

5710,4

3318,5

58

4

Саламаттык сактоо

220,0

252,1

245,6

99

6

Спорттук иш-чаралар

360,0

265,0

264,0

99

7

Библиотека

602,3

602,3

598,2

99

8

Клуб

422,7

705,7

573,0

81

9

Мектепке чейинки мекемелер

825,0

2941,3

2704,6

92

10

Билим берүү

919,0

4091,0

3189,7

78

11

Социалдык коргоо

700,0

700,0

666,0

95

 

Бардыгы:

13973,7

25252,5

21168,1

83,8

 

Атайын эсеп

1174,0

1200,6

994,7

82,9

 

Жалпы чыгашалар:

15147,7

26453,1

22162,8

83,8

 

1. 2023-жылдын 12 айында айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 83,8 %га аткарылды, такталган план 25252,5 миң сом, кассалык чыгаша 21168,1 миң сом. Атайын эсептин чыгаша бөлумү 83,0% га аткарылды, такталган план 1200,6 миң сом, кассалык чыгаша 994,7 миң сом.

 

2. Бардык зарыл болгон отчетторду жана аларга тиркемелерди даярдап, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сокулук райондук финансы башкармалыгына жеткирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы бюджеттик комиссияга жана КЭБ башчысы А.Б.Раимбековага тапшырылсын.

 

 

Айылдык кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев